2018-жылына билим берүүнүн сапаты боюнча номинациялардын жеңүүчүлөрүнүн кейстери
Биз сиздерге 2018-жылдын 30-ноябрында «EdNet агенттигинин көз карандысыз аккредитациясынын 2 жылдыгы: Атайын үлгүлөр. Ишке ашырууга багыт» конференциясында EdNet аккредитация кеңеши тарабынан жактырылган жана белгиленген университеттердин сапат боюнча номинация жеңүүчүлөрүнүн иши менен тааныштырмакчыбыз.
«Университеттеги сапат менеджменти» номинациясында Ош мамлекеттик университети жеңүүчү болуп табылды!
Бул номинациянын жеңүүчүсүн тандоодо EdNet агенттигинин аккредитация кеңеши төмөнкү төрт факторго өзгөчө көңүл бурду:
- университет же программа тарабынан сапатты камсыз кылуу системасын түзүү боюнча туруктуу жана максаттуу иш-аракеттер;
- сапатты камсыз кылуу бөлүмүнүн так ролу жана иши, бул жалпы университеттин сапатын жогорулатуу үчүн максаттуу аракет кылууга мүмкүндүк берет;
- сапат бөлүмү же ушул сыяктуу структуралык бөлүмдүн иши ачык жана бардык структуралык бөлүмдөргө түшүнүктүү, ошондой эле өз милдеттерин сапатка басым жасап аткарууга шарт түзөт;
- университеттин жетекчилиги тарабынан билим берүү сапатын камсыз кылуу боюнча так саясатынын болушу.
Ош мамлекеттик университети жогоруда аталган талаптардын баарын камтыган мыкты үлгү болуп саналат!
Конференцияда университеттен ректор Исаков К.А. жана билим берүүнүн сапаты боюнча департаменттин башчысы Алтыбаева М.А. катышты.
«Билим берүү сапатын жогорулатуудагы илимий потенциал» номинациясында Кыргыз-Россия славян университетинин «Приборостроение» программасы жеңүүчү болду!
Бул программа башка программалардан айырмаланып, кафедранын же жеке окутуучулардын илимий жетишкендиктери билим берүү сапатына кандай таасир тийгизиши керектигин көрсөттү – студенттердин жетишкендиктери аркылуу илимдин университеттин гана эмес, адистерди даярдоонун сапатына түздөн-түз таасир этүү керектигин айгинеледи.
Конференцияда «Приборостроение» кафедрасынын башчысы Николай Алексеевич Рагрин катышты.
«Окуу натыйжаларын түзүү үчүн жагымдуу чөйрө түзүү» номинациясында адилеттүү түрдө Борбордук Азиядагы Америкалык университети жеңүүчү болду!
Бул номинацияда EdNet агенттигинин аккредитация кеңеши төмөнкү аспекттерге өзгөчө көңүл бурду:
- университеттин жетекчилигинин студенттер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү боюнча саясаты;
- окуу чөйрөсүнүн бардык программалар боюнча окуу натыйжаларына тийгизген оң таасири жана конкреттүү натыйжалардын көрүнүшү;
- билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө туруктуу инвестициялар;
- университеттин миссиясын ишке ашырууга багытталган билим берүү чөйрөсү.
«Адам ресурстарын башкаруу жана билим берүүнүн сапаты» номинациясында жеңүүчү болуп Бишкектеги ОБСЕ академиясы тандалды!
Университеттердин окутуучулары менен иштөө боюнча ар түрдүү практикаларды көрдүк жана жеңүүчүнү тандоодо төмөнкү критерийлерге негизделдик:
- окутуучулар менен иштөө боюнча сапаттуу иштер, баштапкы жумушка алуудан тарта алардын милдеттерин толук аткаруусуна чейин.
- окутуучулар менен жүргүзүлгөн жакшы уюштурулган иш, программалардын окуу натыйжаларын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
- окутуучулар менен иштөө системасы алардын иштөө ийгиликтерин үзгүлтүксүз көзөмөлдөөгө шарт түзөт.
- окутуучулар менен иштөө системасы адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууда күчтүү оң таасир берет.
«Инновациялык окуу программасы» номинациясында жеңүүчү болуп Талас мамлекеттик университетинин «Сельское хозяйство» программасы белгиленди!
Бул номинацияда төмөнкү критерийлер негизги болгон:
- окуу программасын түзүүдө жана бекитүүдө билим берүү сапатына түздөн-түз таасир тийгизген инновацияларды көрүү;
- бардыгы ишке ашырылган инновацияларды практикада колдонуу;
- окуу сапатын туруктуу жакшыртууга багытталган инновацияларды ишке ашыруу;
- инновацияларды билим берүү программасына уникалдуу элементтерди киргизүү.
«Окуу программасынын колдонмо мүнөзү» номинациясында Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Архитектуралык мурасын реставрациялоо жана реконструкциялоо» программасы (магистратура) жеңүүчү болду!
Жеңүүчүнү тандаганда, аккредитация кеңеши төмөнкү маселелерге көңүл бурду:
- студенттердин практикасын уюштуруу, реалдуу практикалык көйгөйлөрдү чечүүгө басым жасоо жана бул процесстин окуу процессине кандай таасир эткени.
- студенттер чын эле теориялык билимин практикада ишке ашыра алышабы.
«Иш жүзүндө интеграцияланган билим берүү» номинациясында биринчи орунду Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин «Курулуш» (магистратура) программасы жеңип алды!
Жеңүүчүнү тандап жатканда аккредитация кеңеши төмөнкү суроолорду карады:
- «Курулуш» программасынын дипломдук иш темаларын түзүү жана бул темалар өндүрүштүн талаптарына канчалык жооп берет?
- дипломдук иш жазууда өндүрүштүк практикалар менен кантип иштешет?
- дипломдук иш жазуу үчүн студенттер менен окутуучулар ортосунда кандай өз ара аракеттер курулган жана бул эмгектери жумушчу рыноктун талаптарына канчалык туура келет?
- дипломдук иштердин өндүрүштө колдонулган конкреттүү мисалдары.
Акыркы номинациябыз «Сапаттын трансформациясы», бул номинацияда жеңүүчү болуп Кыргыз-Казак университетинин «Экономика» (бакалавриат) программасы белгиленди!
Жеңүүчүнү тандаганда аккредитация кеңеши төмөнкү факторлорго өзгөчө көңүл бурду:
- шарттуу аккредитация боюнча чечим кафедранын кызматкерлерине жана университеттин жетекчилигине кандай таасир эткен;
- сунуштарды аткаруу жана кемчиликтерди жоюу үчүн кандай конкреттүү кадамдар жасалды. Программа мазмунундагы, АУП же окутуучулар тарабынан жасалган өзгөртүүлөр, окутуу ыкмалары, стейкхолдерлер менен иштөө жана башка өзгөртүүлөр;
- кайра аккредитацияга даярдыкка байланыштуу трансформациялык мүнөздөгү кандай өзгөртүүлөр болду;
- билим берүү процесси бүгүн кандай жүрүп жатат жана студенттердин, окутуучулардын, жумуш берүүчүлөрдүн же башка стейкхолдерлердин билим берүү процесси боюнча канааттануу деңгээли өзгөрдүбү;
- EdNet агенттигинин көз карандысыз аккредитация процессинин сапаттык жактан кандай пайдасы болду.
Бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана аларга дагы чоң ийгиликтерди каалайбыз!
Документтер
кейс Американского университета в Центральной Азии
кейс КГУСТА им.Исанова
кейс Кыргызско-Казахского университета
Кейс Кыргызско-Российского Славянского университета
Кейс Международного университета инновационных технологий
кейс Международного университета в Центральной Азии
кейс Академии ОБСЕ
кейс Таласского государственного университета
Бөлүмдөр
Документтер