Айкындуулук жана отчеттуулук саясаты
АЙКЫНДУУЛУК ЖАНА ОТЧЕТТУУЛУК САЯСАТЫ
Билим берүү чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча «EdNet» агентствосунун Сапат боюнча колдонмосунан үзүндү
“EdNet” агенттиги өз ишмердүүлүгүндө айкындуулук жана отчеттуулук принциптерине таянат. Бул принциптер Сапат боюнча колдонмодо (04.09.2024 №2) бекемделип, так аныкталган механизмдер жана милдеттенмелер аркылуу ишке ашырылат. Биз билим берүү мекемелери, студенттер, иш берүүчүлөр жана коомчулук сыяктуу бардык кызыкдар тараптар алдында жогорку коомдук жоопкерчиликке жана айкындуулукка умтулабыз.
Айкындуулук жана отчеттуулук принциптери "Миссия жана максаттар" деген 2.3-бөлүмдө көрсөтүлүп миссия менен тыгыз байланышкан. Анда мындай деп айтылган: “EdNet” агенттигинин негизги максаты – билим берүү уюмдарынын жана алардын программаларынын мыкты өнүгүүсүн айкындуулук, теңчилик, инклюзия жана интеграция аркылуу илгерилетүү жана колдоо, эл аралык таанылууга негизги талаптардын аткарылышын камсыздоо”.
Миссиянын алкагында агенттик билим берүү тутумунда сапат маданиятын, академиялык сапатты, өркүндөтүүнү жана отчеттуулукту илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурат.
"Сапат саясатынын фундаменталдык элементтерине" ылайык, “EdNet” агенттиги өз ишмердүүлүгүндө айкындуулукту жана отчеттуулукту дайыма илгерилетүүнү негизги милдеттеринин бири катары эсептейт.
Айкындуулук жана отчеттуулук принциптери 3.2.7-бөлүмүндө, "Этикалык кодекс" деген аталышта бекемделип, төмөнкүчө аныкталган:
- "Коомдук жоопкерчилик жана отчеттуулук" (2-пункт).
- "Жыйынтыкка багытталган айкындуулук " (8-пункт).
"EdNet" агенттиги төмөнкүлөргө активдүү салым кошот:
- Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда академиялык сапатты жогорулатуу, процесстерди өркүндөтүү жана отчеттуулукту камсыз кылуу.
- Коомчулуктун билим берүүдө айкындуулук менен отчеттуулуктун маанилүүлүгү тууралуу маалымдоону арттыруу.
Агенттиктин ишине катышкан бардык тараптар, анын ичинде кызматкерлер, Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, Аккредитациялык кеңеш жана башка кызыкдар тараптар, бул принциптерди саташы милдеттүү. Айкындуулук принциби “милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон объективдүү, фактыларга негизделген жана негиздүү маалыматтарды берүү” деп түшүнүлөт.
Сапат боюнча
колдонмонун 3.2.9-бөлүмүндө “Отчеттуулук”
принциби ишке ашырылуу механизмдери менен баяндалат:
Агенттик өз ишмердүүлүгүнүн алкагында төмөнкү маалыматтарды жарыялайт:
- Байкоочу кеңешине сунушталуучу жылдык отчет.
- Агенттиктин учурдагы долбоорлору жана алардын алкагында даярдалган документтер жөнүндө маалымат.
- Аккредитация жараяндарынын жыйынтыктары, аларга сырткы баалоо отчеттору жана мүмкүн болгон учурда билим берүү мекемелеринин пикирлери кирет.
Ишмердүүлүккө катышкан бардык тараптар, анын ичинде кызматкерлер, эксперттер жана кеңештердин мүчөлөрү, объективдүү, фактыларга негизделген жана негиздүү маалыматтарды гана берүүгө милдеттүү.
Мындан тышкары, 3.2-бөлүмгө ылайык, “Ички сапатты камсыздоо жол-жоболору” кызыкдар тараптардын алдында отчеттуулук жана айкындуулук агенттиктин “жогорку кесиптик стандарттарын сактоону, ишмердүүлүгүн дайыма карап чыгууну жана өркүндөтүүнү” талап кылат.
Апелляция жана даттанууларды, ошондой эле сунуштарды кароо тартиби да агенттиктин веб-сайтында бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү.
Биз өз процедураларыбызды эл аралык мыкты стандарттарга жана стейкхолдерлердин күтүү талаптарына ылайык келтирүү үчүн тынымсыз карап чыгып, өркүндөтүүнү улантабыз. Биздин ишмердүүлүк билим берүү тутумуна жана коомго жалпы пайда алып келерин кепилдейбиз.
Жогоруда баяндалган жол-жоболор "EdNet" агенттигинин миссиясына жана максаттарына берилгендигин көрсөтүп, сапаттуу жана инклюзивдүү билим берүү тутумун түзүүгө багытталган.