Рейтинг


Билим берүү  чөйрөсүндөгү сапаттын кепилдиги боюнча "EdNet" агенттиги - "2024-жылдагы Көз карандысыз биринчи Улуттук ЖОЖдордун рейтингин" өткөрдү. Бул рейтингде жогорку окуу жайлар билим берүүнүн сапаты, академиялык аброю, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу жана эл аралык кызматташтык сыяктуу негизги критерийлер боюнча бааланган. Изилдөөнүн жыйынтыгында адистерди даярдоонун жогорку деңгээлин жана эл аралык стандарттарга шайкештигин көрсөткөн билим берүү тармагынын лидерлери аныкталды.


"EdNet" агенттигинин рейтинги абитуриенттер, студенттер жана иш берүүчүлөр үчүн баалуу курал болуп саналат, анткени ал аларга билим берүү мекемелерин тандоодо багыт алууга жардам берет. Ошону менен катар, ЖОЖдорго өз күчтүү жактарын жана өнүгүү үчүн мүмкүн болгон багыттарын аныктоого шарт түзөт.


"EdNet" агенттиги билим берүү кызматтарынын ачыктыгын жана сапатын жогорулатууга багытталган жаңы рейтингдерди өткөрүүнү пландоодо. Жакынкы келечектеги пландарда заманбап стандарттарга шайкештигин, эмгек рыногундагы суроо-талапты жана студенттерди даярдоо деңгээлин баалоого мүмкүндүк берүүчү билим берүү программаларынын рейтинги ишке киргизилет. Бул изилдөө абитуриенттерге жана алардын ата-энелерине эң ылайыктуу окуу багыттарын тандоо үчүн толук маалымат берет.


Мындан тышкары, агенттик Бишкек шаарындагы жеке мектептердин I рейтингин өткөрүүнү пландоодо. Бул долбоордун максаты – жогорку деңгээлдеги билим берүүнү камсыз кылган, инновациялык ыкмаларды сунуштаган жана окуучулардын өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөн билим берүү мекемелеринин лидерлерин аныктоо болуп саналат. Бул эки рейтинг билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү кадам болуп, билим берүү мекемелерине өз программаларын жана методдорун өркүндөтүүгө жардам берет.


Кененирээк билүү жана рейтингдин жыйынтыктарын көрүү